Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

Премьер-министр Болот Шамшиевди 75 жылдыгы менен куттуктады


Болот Шамшиев
Болот Шамшиев

Бүгүн премьер-министр Темир Сариев СССРдин Эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиевди 75 жылдыгы менен куттуктады. Режиссер менен жолушууда өкмөт башчы Шамшиевдин маданият үчүн опол тоодой эмгек сиңиргенин белгилеп, ал тарткан тасмалар эч убакта актуалдуулугун жоготпой турганын билдирди.

“Сиз кыргыз киносунун кереметинин жаратуучуларынын бири катары элдин алдында опол тоодой эмгек өтөдүңүз. Сиз тарткан “Ак Кеме”, “Эрте жаздагы турналар”, “Караш-караш” сыяктуу тасмалар классикага айланып, кайсы учур болбосун актуалдуулугун жоготпойт”, - деди Темир Сариев.

Сариев атактуу режиссерго азыркы учурда да талбай эмгектенип, терең мазмундуу ойлору, кеңештери менен бөлүшүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG