Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

2016-жылдын 12-январынан 14-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто унаа жолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун 45-90- чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

13-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 3…8 градус;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -21…-26, күндүз -9…-14 суук;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 3…8 градус.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8 градус жылуу.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүзү 0...5 градус жылуу.

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -7…-12 градуска чейин төмөндөйт.

12-январда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6 градус суук, күндүз 5…7 жылуу болушу күтүлөт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG