Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

Жалал-Абад: тургундар BARS kg invest фондуна каршы даттанууда


Жалал-Абад облусунун айрым тургундары “Азаттыкка” кайрылып, BARS kg invest деген аталыштагы коомдук фонд ири суммадагы кайтарым убады кылып, бирок дайынсыз болуп жатканын айтышууда. Алардын айтымында, аталган уюм 800дөн ашуун кишиден каражат топтогон.

BARS kg invest уюмунун төрага орунбасары Өмүрбек Чыныбеков жарандардын тынчсыздануусу негизсиз экенин, документтик иштердин айынан убакыт созулуп кеткенин айтууда. Компания кыргызстандык жана кытайлык ишкерлердин биргелешкен уюму болуп эсептелет. Ал 2013-жылы түптөлүп, жетекчилиги “Элди жакырчылыктан чыгаруу үчүн каржылык колдоо” программасын жайылтуу боюнча ишмердик жүргүзүшөрүн жарыялаган. Маалыматтарга караганда, алар Кытайдан келген каржылык колдоонун негизинде жарандарга он жылдан ашуун мөөнөт менен насыя берүүнү мерчемдешкен. Алдын ала документ иштери үчүн уюмга мүчө болгон кишилерден акча топтолгон. Бир эле Жалал-Абад облусундагы 800дөн ашуун адам 8 миңден 11 миң сомго чейин мүчөлүк төлөм төгүп, ишмердик жүргүзүү долбоорлорун сунушташкан. Бул үчүн аларга ири суммада насыя берүү убадаланган.

Кыргызстанда каржы пирамидасы менен алектенген уюмдар бар. Тез баюуну кыялданган бир топ жарандар алардын кылтагына илинип, кийин милицияга кайрылгандары арбын. (КЕ/SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG