Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Кыргызстанда ракты аныктаган жалгыз аппарат иштебей турат


Бишкектеги Онкологиялык борбордун иштебей турган аппараты.
Бишкектеги Онкологиялык борбордун иштебей турган аппараты.

Бишкек шаарындагы Улуттук онкологиялык борбордогу радиогистологиялык лабораториядагы аппарат реактивдердин жоктугунан жана ага мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөгөндөн улам жүздөгөн оорулуулар коңшу Казакстанга барууга мажбур болушууда. Бул тууралуу бүгүн “Эргене” жана “Биз ракка каршыбыз” аттуу коомдук уюмдар уюштурган пресс турда маалымдалды.

“Биз ракка каршыбыз” уюмунун жетекчиси Гүлмира Абдразакова “Азаттыкка” рак шишикти аныктай турган Орусиядан алынып келинген аппарат Кыргызстанда жалгыз бирөө, бирок ага керектүү болгон реактивдин жоктугу Кыргызстандын рак оорулууларынын анализдерин 300 АКШ доллар төлөп Алматыга жиберүүгө мажбур экенин маалымдады. (BCh)

XS
SM
MD
LG