Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:05

Стамбулдун Султан Ахмед мечитинин жанында жардыруу болду


Жардыруудан кийин.

Жардыруудан кийин.

Стамбулдун чок ортосундагы Султан Ахмед мечитинде чоң жардыруу болду. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары кабарлашууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, жардыруудан жарат алгандар бар. Айрым булактардын маалымдашынча, кеминде он адам набыт болуп, бомбаны жанкечти жардырганы айтылууда.

Окуянын күбөлөрү шаардын борбордук бөлүгүндө өтө катуу жардыруунун үнүн угушканын айтышкан. Учурда окуя болгон жерге полиция жана "Тез жардам" машинелери жетип, бардык периметр боюнча аянт курчоого алынды. Мына ушул мүнөттөрдө полиция жардыруунун себептерин иликтеп жатканы маалымдалууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG