Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Бүгүн Ала-Бука райондук кеңештин 162 депутатынын катышуусунда район акимин шайлоо өтүп, ага үч талапкер катышты. Жыйынтыгында Сонунбек Акпаралиев көпчүлүк добушка ээ болуп, район акими болуп шайланды. Бул тууралуу райондук акимчиликтен “Азаттыкка” кабарлашты.

Сонунбек Акпаралиев буга чейин райондук билим берүү бөлүмүн жетектеп келген. Акимдин ордуна талапкер катары мындан сырткары район жетекчисинин милдетин аткаруучу Бектур Cагынбаев жана өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Садыралы Сатыбалдиев да ат салышкан.

Райондун мурдагы акими Алымкул Кулуев өткөн жылдын ноябрында ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматынан кеткен. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG