Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Таштанды таштагандарга айып пул салынат


Бишкектеги таштанды талаасы
Бишкектеги таштанды талаасы

Бишкек мэриясы шаарды булгап, таштанды таштагандар административдик жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тазалыкты сактабаган жарандарга 2 миң, ишканалар 10 миң айып пул төлөшөт. Эгер бул көрүнүш кайталанса, айып пулдун көлөмү 20 миң сомго чейин көбөйтүлүп, сегиз саат коомдук иштерге тартылат. Айып пул салуу каралууда.

Жыл башында белгисиз бирөөлөр борбор калаадагы “Эркиндик” гүлбагында жарык жүгүртүлүүчү зымдарды үзүп, жакында эле сырдалган отургучтарга жазып, андан калса талкалап кетишкен. Мэрия жарандарды жалпы элдин мүлкүнө этияттык менен мамиле кылууга чакырып, кимдир бирөөлөр тарабынан бүлгүнчүлүк жасалып жатканы байкалса, тиешелүү тараптарга маалымдоону суранган. Ошондой эле Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана конокторун тазалыкты сактоого чакырууда.(КЕ)

XS
SM
MD
LG