Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Максат Чакиев алты жылга эркинен ажыратылды


Максат Чакиев.
Максат Чакиев.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту маданият, туризм жана маалымат министринин мурдагы орун басары, Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиевдин ишин карап, аны алты жыл күчөтүлгөн режимде абакка кести. Чакиев бүгүн сот залынан камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 350-314-беренеси боюнча айып тагылган. Бул “мамлекеттик сыйлык, мөөр, штамп, бланкты колго жасоо, даярдоо жана пайдалануу”, “пара берүү” беренелери.

Чакиев 28-майда ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жатканда кармалган. Милиция бул тууралуу ишиндеги мыйзам бузууну жабыш үчүн Чакиев ушундай кадамга барган деп маалымат тараткан. Сот пара катары берилген 92 миң сомду мамлекетке чегерүү чечимин чыгарды.

Чакиев акыркы сөзүндө өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын, ал коррупциялык компаниянын курмандыгы болгонун айтып чыкты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG