Линктер

дүйшөмбү, 27-март, 2017 Бишкек убактысы 07:22

Кеминде он кишинин өмүрүн алган Стамбулдун борборундагы Султан Ахмед мечитиндеги жардырууга байланыштуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

“Кыргызстан эли бул трагедияны өтө кайгыруу менен кабыл алды жана кыргызстандыктар бир тууган түрк элинин кайгысын тең бөлүшөт”, - деп жазылат телеграммада. Ошону менен катар адамгерчиликсиз жана коркунучтуу террористтик чабуулду айыптай турганы белгиленген.

Бүгүн күндүз он чамасында Стамбулдун чок ортосундагы Султан Ахмед мечитинде чоң жардыруу болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, жардыруудан кеминде он адам каза тапты. Айрым булактардын маалымдашынча, бомбаны жанкечти жардырганы айтылууда. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG