Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Британ жана кыргыз актерлору биргелешип оюн коюшат


Британиянын "Глобус" театрынын Бишкекте койгон "Гамлет" спектакли, 7-ноябрь, 2015-жыл.
Британиянын "Глобус" театрынын Бишкекте койгон "Гамлет" спектакли, 7-ноябрь, 2015-жыл.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры жакында британиялык “Глобус” театры менен биргеликте Шекспирдин “Он экинчи түн” драмасын сахнага алып чыгат. Бул тууралуу Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз сахнасында Лондондогу “Глобус” театрынын актерлору менен биргеликте спектакль коюу демилгесин Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги көтөргөн. Учурда биргелешкен долбоор боюнча даярдыктар башталды.

Британиянын "Глобус" театры былтыр ноябрь айында Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Гамлет” спектаклин койгон. (ZA)

XS
SM
MD
LG