Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

40 жаштан өткөн аялдарда эмчек рагы коркунучу чоң


40 жаштан өткөн аялдар 2 жылда 1 ирет маммограмма жасатып турушу керектигин АКШнын оорулардын алдын алуу департаменти билдирди. Эмчек рагы 40-50 жаштын ортосундагы аялдарда көп кезигүүдө.

Жылдан жылга эмчектин залалдуу шишигине чалдыккандар көбөйгөндүктөн, Дүйнөлүк саламаттык уюму да анын алдын алуу боюнча кескин чараларга баруу керектигин белгилеп жатат.

Кыргызстанда болсо жылына 6 миңге чукул аялда эмчек рагынын белгилери байкалып, алардын 60 % өтүшүп кеткенден улам кайтыш болуп жатканын “Биз ракка каршыбыз” коомдук уюмунун жетекчиси Гүлмира Абдразакова “Азаттыкка” билдирди. (BCh)

XS
SM
MD
LG