Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

Алматыда ипотекалык насыя алган ондогон жарандар нааразылык акциясына чыгышты


"АТФбанк" алдына чогулгандар. 12-январь, 2016-жыл
"АТФбанк" алдына чогулгандар. 12-январь, 2016-жыл

Доллардын наркы өсүп кетип, ипотекалык насыяларын төлөй албай жатканына даттанган адамдардын тобу "АТФбанк" жана "Фортебанк" банктарынын алдына чогулушту. Алар алган насыялары теңгеге өткөрүлүп, пайыздарын жана негизги суммасын алынган учурдагы доллардын курсу менен төлөөнү талап кылышты. Борбор Азиядагы негизги экспортер болгон Казакстандын улуттук валютасы былтыртан бери 40 пайызга чукул арзандаган. Теңгенин кунунун түшүшү экономикалык кризисти шарттап, ал бир эле учурда Астана жана Алматы сыяктуу шаарларда калктын нааразылыгын жараткан учурлар катталган.

XS
SM
MD
LG