Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Өзбекстанда Анжиян көтөрүлүшүнүн лидери каза тапканы маалым болду


Акрам Юлдашев.
Акрам Юлдашев.

Мындан он жыл илгери Анжиянда чыккан көтөрүлүш массалык кыргын менен аяктап, Батыш менен Ташкендин мамилесине көлөкө түшүргөн.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалымдоосуна караганда, Анжиян көтөрүлүшүнүн лидери Акрам Юлдашев мындан беш жыл мурун каза тапкан.

Бул маалыматты Өзбекстандын расмий органдары быйыл 11-январда тастыктап, Юлдашев 2010-жылы кургак учуктан өлгөнүн билдирди. Бирок ал качан жана кайсы жерде өлгөнүн бир дагы булак ачыктай элек.

Ал эми Юлдашевдин жакындары аны менен байланышта болгон эмес. Акрамий уюмунун лидери Акрам Юлдашев 1999-жылы февраль айында Ташкенде бир катар бомба жардыруулардан кийин камакка алынып, 17 жылга кесилген. Ал 2010-жылы 47 жашка чыкмак. (AiT)

XS
SM
MD
LG