Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Чүйдөгү №50 абактан качууга кызматкерлердин жоопкерсиздиги себеп болгон


Бул тууралуу 12-январда өкмөттүк кеңешмеде белгиленди. Ошондой эле абактан качууга Жаза аткаруу мекемесине жетиштүү көңүл бурулбаганы, системадагы кемчиликтер себеп болгону да айтылды.

Өткөн жылы 12-октябрда №50 абактан тогуз кылмышкер үч күзөтчүнү өлтүрүп, дагы бир кызматкерди өтө оор жарадар кылып качкан. Алардын бешөө дароо кармалып, үчөө кармоо учурунда өлтүрүлгөн.

Абактан качкандардын кылмыш ишин Свердловск райондук сотунда ушул жумада карала баштаганы кабарланды. Кезектеги соттук териштирүү 28-январда уланмакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG