Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

“Centerra Gold Inc.” кошумча акция чыгаруу чечимин толук кабыл алды


"Кумтөр" алтыны.
"Кумтөр" алтыны.

Бул тууралуу Кылычбек Шакиров билдирди. Анын айтуусунда, Директорлор кеңешиндеги кыргыз тараптын талабы менен декабрь айынын соңку күндөрүндө “Centerra Gold Inc.” компаниясынын 12 кишиден турган Директорлор кеңешинин кезексиз жыйыны болуп, анда кыргыз тараптын каршылыгына карабай кошумча 4,6 млн. даана акция чыгаруу чечими кабыл алынды:

-28-декабрда чечим кабыл алды. Биз кайрадан добушка койдурдук. Бирок биздики өтпөй калды. Анткени бизде үч эле добуш бар. Үч добушубуз менен каршы бердик.

Кошумча акция чыгарылышы менен Кыргызстандын азыркы 32,75% акциясы 32,1% чейин азайат. “Канадалыктар кошумча акциянын чыгарылышы менен Кумтөр үзгүлтүксүз иштейт, андан республика бюджетине 80 млн. доллардын тегерегинде салык түшөт, мына ошол республиканын пайдасы болот деп жатышканын”, Шакиров белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG