Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:18

Федерация жетекчилери Орусияда кызытма колдонулганын 2009-жылы эле билишкен


Спортчулардын ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирген кызытмаларды Орусияда колдонуу кеңири тараганы тууралуу далилдер Жеңил атлетика федерация жетекчилерине 2009-жылы эле белгилүү болгонун Ассошиейтед пресс 12-январда кабарлады. Ага карабай спорт аткаминерлери маселени 2012-жылдагы Лондондогу Олимп оюндарына чейин жашырып келишкен.

Кызытмаларды кеңири колдонуу боюнча жаңжал өткөн жылы күчөгөндө да Атлетика боюнча эл аралык федерациянын жетекчилиги аны көз жаздымда калтырууга аракет жасаган. Федерация жетекчилиги Орусияда спортчулардын ден-соолугуна коркунуч туудурган, мелдештердин чынчылдыгына шек келтирген жагдайларды эмне үчүн алты жыл бою жең ичинде кармап, тийиштүү чараларды көргөн эмес деген суроолор жаралууда. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG