Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Обама рак менен күрөшүү боюнча ири программа башталганын жарыялады


Барак Обаманын жылдык кайрылуусу, 12-январь, 2016-жыл.
Барак Обаманын жылдык кайрылуусу, 12-январь, 2016-жыл.

АКШнын президенти Барак Обама Конгресске кайрылуусунда рак дартына каршы жаңы программа башталганын жарыя кылды. Ооруну изилдөө жана дары даярдоо боюнча илимий тажрыйбаларга Америка бийлиги 2 миллиард доллар каражат салат.

Программаны вице-президент Жо Байден жетектейт, анын 46 жаштагы уулу былтыр рактан каза тапкан. Бир катар университет жана медициналык институттар ракка каршы вакцина жана иммунотерапия жаатында илимий тажрыйбаларды баштайт.

2012-жылы рактан дүйнөдө 8,2 миллион киши каза тапса, 2030-жылы бул сан 13 миллионго чыгышы божомолдонууда. Кыргызстанда да акыркы мезгилде рак менен ооругандардын саны арбып, алардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзүүдө. Жылына 6 миңге чукул аялга эмчек жана жатын рагы диагнозу коюлуп, 60 % оорусу өтүшүп кетип көз жумат. (BCh)

XS
SM
MD
LG