Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Журналист Дайыр Орунбеков президент Алмазбек Атамбаевди жана президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовду сотко берди. Арыз бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук сотуна тапшырылды. Бул тууралуу журналист өзү “Азаттыкка” кабарлады.

- Президент жаңы жыл алдында өткөргөн маалымат жыйында менин дарегиме кимдир бирөөнүн буйругун аткарган журналист деген сыяктуу такталбаган бир топ күнөөлөрдү койду. Ошондой эле кылмыш дүйнөсүндө колдонгон, коркутуу багытындагы сөздөрдү айтты. Андан кийин Фарид Ниязов кайрылуу жасап, ушак таратышты. Ошон үчүн сотко бердим. Экөөнөн символикалуу түрдө бир сом өлчөмдө моралдык чыгым талап кылдым. Анткени адамдын кадыр-баркы акча менен чектелбейт.

Дайыр Орунбеков президенттин үстүнөн арыз жазып кайрылганын Биринчи май райондук сотунан ырасташты.

Президент Алмазбек Атамбаев жылдык жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Орунбековду өмүр бою кечирбей турганын, айрым журналисттер өзүнүн чыныгы миссиясынан четтеп, ушак-айыңды жазып жатканын айткан.

“Маалымат.кж” сайтынын жетекчиси, журналист Дайырбек Орунбеков сот тарабынан июнь коогалаң боюнча Атамбаевди каралап жазды деп табылып, 2 млн. сомго айыпка жыгылган. (KE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG