Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:48

Жалал-Абадда жаңы тергөө абагы курулуп бүттү


Шаарда жайгашкан 10-жаза аткаруу мекемесинин жанына курулган тергөө абагынын имараты толугу менен ЕККУ жана эл аралык Кызыл жарым ай коомунун каржылоосу менен курулду. Бул тууралуу акыйкатчынын облуcтагы өкүлү Алима Аманова “Азаттыкка” билдирди. Анын белгилешинче, тергөө абагы Жалал-Абадда алгачкы жолу иштей баштайт. Учурда 72 орундуу мекемеге жаңы жетекчи дайындалып, штаттык бирдиктери чечилүүдө.

Тергөө абагы облустагы убактылуу кармоо жайларындагы абалды жакшыртуу жана кылмышка шектүү деп кармалган кишилердин укуктарын коргоо максатында курулган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG