Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Казак парламентинин мажилиси президенттен палатаны таркатууну өтүндү


Казак мажилисинин депутаттары президенттен палатаны мөөнөтүнөн эрте таркатууну жана кезексиз шайлоо өткөрүүнү өтүнүштү. Төмөнкү палатанын үч партиянын атынан жасалган кайрылуусунда "мажилис президент Нурсултан Назарбаев сунуштаган бардык реформалар боюнча мыйзамдарды кабыл алуу менен өзүнүн тарыхый миссиясын аткарганы" айтылат.

Акыркы парламенттик шайлоо Казакстанда 2012-жылдын январында болгон. Мажилиске анда үч партия - президенттин “Нур отан” партиясы, бийликчил “Ак жол” жана Элдик коммунисттер партиялары келген. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, мажилистеги 107 депутаттын 98и саясий партиялардын атынан партиялык тизме аркылуу, ал эми тогуз депутат Казакстан элдик Ассамблеясынын атынан беш жылга шайланат.

XS
SM
MD
LG