Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Талас: 2015-жылы токойдун аянты 40 гектарга көбөйдү


Бул жөнүндө Таластагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, былтыр 37 айыл өкмөткө 1 млн. 650 сомдук көчөт берилген. Учурда Таластын токойлорунун аянты 228 миңден ашык гектарды түзөт.

Таласта үч токой чарбасы жана эки жаратылыш паркы бар. Талас токойлору карагай, кызыл карагай, ак кайың, эмен, каражыгач, терек сыяктуу 20 дан ашык түрдөгү бак-дарактардан турат.

БУУнун буга чейинки иликтөөсүнө караганда, Кыргызстанда жыл өткөн сайын токойдун аянты азаюуда. Анда токойлор жер көчкү, кар көчкү, селден коргоодо, мөңгүлөрдү жана нымдуулукту сактоодо чоң мааниге ээ экени айтылган.

Адистердин айтымында, токойлор Кыргызстан аймагынын 5,6% гана түзөт.(SS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG