Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Жыргалбек Саматов “Республика - Ата Журт” фракциясынан чыгарылды


Мындай чечим Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясынын бүгүнкү кезексиз жыйынында кабыл алынды. Буга Саматовдун сотто жарандыгын аныктоодо далил катары Орусия мамлекеттик органдарынын жасалма документтерин колдонгону себеп болгону белгиленген.

“Саматов жеке кызыкчылыгы үчүн башка өлкөнүн жараны болгонун жашырууга аракет кылды. Бул жалпы кызыкчылыктарга каршы келет жана фракциянын беделин түшүрүүдө”, - деп жазылат фракциянын билдирүүсүндө.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эки жолу депутаттык мандатын алдырып, үчүнчү жолу сот аркылуу кайтарып алган Жыргалбек Саматов ант берген. Муну менен катар БШКнын чечими менен аталган фракциянын өкүлү Болотбек Ибраимжановдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Аталган партия Саматовду өзүнө бөлүнгөн округдан жетиштүү добуш алган эмес деп, мурун жазылып коюлган арыздын негизинде партия жетекчилигинин сунушу менен тизмеден чыгарган. Кийин ал Орусиянын жараны деген такталбаган маалыматтардын негизинде БШК тарабынан мандатынан ажыратылган эле. Кийин Жыргалбек Саматов сотко кайрылып, утуп алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG