Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Талас: кыз-келиндер бизнес-план түзүүнү үйрөнүштү


“Аялдар ишкерлигин өнүктүрүү” долбоорунун алкагында өтүп жаткан тренингге 25 аял катышууда. Анын алкагында кыз-келиндер ишкерлигин өнүктүрүү боюнча ар бири бизнес-план жазышты. Аларга экономика илимдеринин кандидаты Залкар Камалов кеңеш берди. Тренингдин соңунда берилген сертификаттын негизинде бул бизнес-пландарды ишке ашырууга ишкер аялдарга токтоосуз насыялар берилет. Бул үчүн “Бай түшүм”, “Айыл банк” менен келишимдер түзүлгөн.

Айылдардагы ишкер аялдарды колдоо жана аларды ишкерликке үйрөтүү максатындагы өткөн долбоорду Экономика министрлиги уюштурууда. Ага Азия өнүктүрүү банкы, Жапония фонду каржылык колдоо көрсөткөн. (SS)

XS
SM
MD
LG