Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Шахмат боюнча биринчи лигада чемпиондор аныкталды


Кыргызстандын шахмат боюнча биринчи лигасынын чемпиондугу бүгүн жыйынтыкталды. Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, эркектер жана кыз-келиндер арасындагы мелдеш 5-январда башталган. Ага Кыргызстандын аймактарынан 6 жаштан 80 жашка чейинки курактагы 114 шахматчы катышкан. Чоңдор арасында эркектерден Андрей Мажницин, кыз-келиндерден Александра Самаганова өлкө чемпиону аталышты. Жалпысынан чемпиондуктун жыйынтыгында бештен оюнчу жогорку лигада ойноого жолдомо алды. Быйыл жогорку лигадагы чемпиондук март-апрель айларында өтөөрү болжолдонууда. Аталган лигада эркектер арасында 10, кыз-келиндер арасында 10 оюнчунун арасында таймаш жүрөт.

Жеңүүчүлөр сентябрь айында Баку шаарында боло турган Дүйнөлүк шахмат олимпиадасына жолдомо алышат. Кыргызстанда шахмат боюнча биринчи жана жогорку лигаларындагы өлкө чемпиондугу 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG