Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Вильнюстагы кандуу окуялардын 25 жылдыгы белгиленүүдө


Литвада Вильнюста болгон кандуу окуялардын 25 жылдыгы жана Эркиндикти коргоочулар күнү белгиленүүдө.

1991-жылдын башында Литва СССРден көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин советтик жетекчилик жумурияттагы саясий процесстерди өз көзмөлүнө алуу үчүн курал колдонгон.

13-январда борбор шаарда советтик жоокерлер менен кагылышууда 15 чакты киши набыт кеткен, бир жарым миңдейи жарадар болгон. Атайын күчтөр менен танктардын коштоосундагы аскерлер Вильнюстун телеборборуна чабуул коюшкан жана башка имараттарды ээлеп алышкан. СССРдин президенти Михаил Горбачев эртеси ал окуя тууралуу кабары болбогонун айткан эле. Литва ошол трагедияга күнөөкөр мурдагы советтик жоокерлерди азыркыга чейин издеп жатат. Бир нече киши мамлекеттик төңкөрүш аракети үчүн соттолгон.

Өлкөдө бүгүн жүрүш, митинг жана башка эскерүү иш чаралары өтүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG