Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Орусия атомдук коопсуздук саммитине катышпайт


Орусия атомдук коопсуздук боюнча саммитке катышпайт. Мындай билдирүүнү орус Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова жасады. Маалыматка караганда, Москва андай жолугушуулардын саясий күн тартиби актуалдуу болбой калган деп эсептейт жана 31-март – 1-апрель күндөрүнө пландалган саммитке даярдык көрүүнү токтотууну чечти. Захарова ядролук коопсуздук чараларын координациялоодо негизги роль Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке (МАГАТЭ) жүктөлгөнүн белгиледи.

Орус тышкы мекемесинин өкүлү андай саммиттер эл аралык уюмдардын, анын ичинде МАГАТЭнин ишине кийлигишүүгө аракеттенүүдө деп сындады.

Жолугушуу АКШнын борбору Вашингтондо өтмөкчү.

Орусиялык делегациялар ядролук терроризмдин алдын алуу маселелерин талкуулаган буга чейинки үч саммитке катышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG