Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Казак парламенти мөөнөтүнөн мурда тароого даярдыгын билдирди


Казакстандын Мажилиси
Казакстандын Мажилиси

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары 13-январда президент Нурсултан Назарбаевге кайрылып, аларды мөөнөтүнөн мурда таратууну бир добуштан колдошту. Мындай демилге Казакстандын улуттук валютасы теңге долларга карай күчүн жоготкон күнү депутаттардын тобу тарабынан көтөрүлдү.

Борбор Азиянын эң ири экономикасы дүйнөлүк базарда мунайга баанын кескин арзандашы жана Орусиядагы экономикалык каатчылык алып келген ооручулуктарга каршы күрөшүп жатат. Казак мыйзамдарына ылайык, президент парламентти мөөнөтүнөн мурда тарката алат. Ал таркатылгандан кийин эки ай ичинде кайра шайлоо өткөрүлүшү керек. Казакстандын азыркы парламентинин мөөнөтү быйыл күз айларында аяктамак. (AiT)

XS
SM
MD
LG