Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Улуттук банк валюта сатууга эч кандай чектөө киргизген жок


Бул тууралуу Улуттук банктын 13-январда жарыяланган расмий билдирүүсүндө айтылды. Республиканын башкы банкынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карай коммерциялык банктардын колунда 408 млн. доллар бар. Анын ичинен 51 млн. доллардан ашууну накталай акча. Улуттук банк ошондой эле доллар сатууну чектеген же сатпай койгон акча алмаштыруу жайларын текшерип, айрымдарынын лицензиясы алынганын кабарлады. Январь айынан бери Улуттук банк 28 млн. долларга жакын интервенция жасады. Акыркы жолу 12-январда 6 млн. 800 миң доллар сатты. (AiT)

XS
SM
MD
LG