Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Украинада чочко тумоосунан ондогон адамдар өлүмгө учурады


H1H1 чочко вирусунун жайылуусунан көз жумгандардын саны 50дөн ашканын украин бийлиги маалымдады.

Украинанын саламаттык сактоо министри Александр Квиташвили 13-январда өкмөт жыйынында дүрбөлөңгө түшпөөгө үндөп, “эпидемия башталды дегенге негиз жок. Январь айы сасык тумоонун күчөгөн мезгили” деди. Бирок ага карабай дене табы ысыган адамдар дарыгерлерге дароо кайрылууга тийиш, анткени 48 сааттан кийин тумоого каршы кээ бир дарылар натыйжасыз болуп каларын министр эскертти.

Сасык тумоо Киев, Харьков, Винница жана Одессада көбүрөөк тараганын депутат Ирина Сисоенко Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал тумоодон Одессада 28 киши, Винницада 25 киши өлгөнүн, жалпы өлкө боюнча калктын 5.7 тумоого кабылганын маалымдады. (AiT)

XS
SM
MD
LG