Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Cаматов фракциядан чыгарылышын мыйзамсыз деп атады


Жыргалбек Саматов
Жыргалбек Саматов

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматов “Республика-Ата Журт” фракциясынын катарынан чыгарылганын мыйзамсыз деп атап, бул маселени парламенттеги Этика жана регламент комитети карап беришин суранды.

- Мен фракциядан чыгууга эч кандай арыз жазган жокмун. Мыйзам боюнча азыр мен “Республика – Ата Журт” фракциясынын өкүлүмүн. Тийиштүү комитет муну карап, кайсыл мыйзамдын негизинде мындай чечим кабыл алынганын териштирип берсин.

Буга жооп катары Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков маселени фракциянын ичинде чечишип алууну сунуштап, шайлоо алдында кийин маселе жаралбагандай аракеттерди жасоо керектигин эскертти.

Парламентке “Республика – Ата Журт” партиясынын тизмесинде ат салышкан Жыргалбек Саматов буга чейин эки жолу мандатын алдырып, үчүнчү жолу 11-январда сот аркылуу кайра кайтарып алган. Бул чечимди партия лидери Өмүрбек Бабанов мыйзам бузуу деп атап, 13-январда Саматов фракциянын катарынан чыгарылган.

Аталган партия Саматовду өзүнө бөлүнгөн округдан жетиштүү добуш алган эмес деп мурда жазылган арыздын негизинде тизмеден чыгарган. Кийин ал Орусиянын жараны деген маалыматтардан улам мандатынан ажыратылган, бирок сотто депутат утуп чыккан. (SE)

XS
SM
MD
LG