Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Армения баш калаасы Ереван шаарында 13-январда чочко тумоосу же H1N1 вирусунан өлгөндөрдүн саны 10 адамга жетти. Дагы 80ден ашуун адам дарыланып жатат. Бирок ага карабай өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги илдет мамлекетке коркунуч жаратпай турганын жарыялады.

Ал арада Украинада да бул оорудан ондогон кишилер жантаслим болгону кабарланды. Иранда болсо жүзгө жакын киши ушул дарттан улам жашоо менен кош айтышканы айтылууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2010-жылы H1N1 вирусу жок кылынганын айткан эле. Бирок өткөн жылдан тарта ал кайра курчуй баштады. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG