Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:35

Жалал-Абад шаарында жумушка тартылган 10 бала кармалды


Көчө балдары тууралуу көргөзмөдөгү сүрөт

Көчө балдары тууралуу көргөзмөдөгү сүрөт

Жалал-Абад шаарынын аймагында 11-13-январь күндөрү жүргүзүлгөн "Каникул" аталышындагы рейддин жүрүшүндө борбордук базарда эмгектенген 16 жашка чейинки 10 бала кармалды. Бул тууралуу мэриянын социалдык бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова “Азаттыкка” билдирди. Рейдди шаар бийлиги милиция менен чогуу өткөрдү.

Балдардын бешөө араба түрткөнү калганы бут кийим тигип, тазалоо менен алектенгени маалым болду. Алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айрымдарына Административдик кодекстин тийиштүү беренеси боюнча айыппул салынмакчы.

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары базарларда иштеп, акча табышат. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча андай үй-бүлөлөрдүн саны өлкө боюнча 100 миңге чукул. (RsK\SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG