Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Индонезия баш калаасында кеминде алты жардыруу болду


Индонезия борбору Жакарта шаарында бүгүн кеминде алты жерде жардыруу болуп, атышуулар орун алды. Полиция жардырууларды жанкечти-террористтер жасаган болушу ыктымалдыгын айтууда. Reuters агенттиги билдиргендей, алдын ала маалыматтар боюнча кеминде жети адам мерт кетти. Кол салгандардын төртөө полиция огунан мерт болгону кабарланууда.

Кол салуулар кафе жана соода борборлорунда болгону айтылууда. Күч органдары жарандарды коомдук жайларга барбай турууга чакырып, жанкечтилер дагы болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Окуядан улам полиция “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна мүчө деп шектелгендерди кармоого киришти. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG