Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Бишкекте армян музыканты Арно Бабажанянга арналган көргөзмө ачылды


Арно Бабажанян.

Арно Бабажанян.

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада армениялык композитор жана пианист Арно Бабажаняндын 95 жылдыгына карата көргөзмө ачылды. Ага композиторго арналган китептер жана ал жазган музыкалык чыгармалардын ноталары коюлганын китепкананын маалымат кызматы кабарлады.

СССРдин эл артисти Арно Бабажанян 1921-жылы Ереванда төрөлгөн. Инструменталдык жаз, музыкалык-театралдык жанрларда эмгектенген. Анын “Багдасар ава”, “Түндүктүк келин”, “Тоолордо менин жүрөгүм” жана башка чыгармалары белгилүү. Музыкант 1983-жылы каза болгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG