Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Бийик тоолуу райондордо иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин маянасына кошулуп берилчү 50 пайыздык үстөк акыны 10 пайызга түшүрүү боюнча демилгеден улам Нарындын Ат-Башы районунда бүгүн нааразылык жыйыны өттү. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, ага бюджеттик мекемелерде иштеген 50дөй адам чогулду. Алар өкмөттөн бул демилгени артка кайтарып алууну, болбосо иш ташташарын эскертишти.

Татаал шарттагы аймактарда иштеген бюджеттик кызматкерлердин маянасына кошулуп берилчү 50% үстөк акыны кыскартуу боюнча Жогорку Кеңешке былтыр жоюлуп кеткен Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги сунуш киргизген. Аны Социалдык өнүгүү министрлиги да колдогону айтылган. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG