Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Бакуда оппозициялык активист кармалды


Азербайжан элдик фронту оппозициялык партиясынын активисти Туран Ибрагим 13-январдын кечинде өз үйүнүн жанында кармалды. Бул тууралуу бүгүн анын бир тууганы Тогрул Ибрагим кабарлады. Анын айтымында, жумушунан кайткан Туран Ибрагим үйүнө жетип калганда кеминде жети полициячы кармап кеткен. Аны Бакунун Нариман райондук милиция бөлүмүнө алып барышып, полицияга каршылык көрсөткөнү үчүн айыпташкан. Азырынча бул боюнча мындан башка маалымат айтыла элек.

Туран Ибрагим Азербайжан элдик фронту партиясынын жаштар канатынын мүчөсү. Анын атасы Мамед Ибрагим бул партия төрагасынын кеңешчиси. Ал да өткөн сентябрда ээнбаштык үчүн айыпталып, камакка алынган эле. Мамед Ибрагим муну саясий себептер менен байланыштырган.

Азербайжандын бир катар аймактарында кечээ кризсике байланыштуу бийликке каршы нааразылык акциялары өткөн. Ички иштер министрлиги "каршылык акциясын Азербайжан элдик фронту жана “Мусават” оппозициялык партиялары радикалдык-экстремисттик топтор менен бирге уюштурган” деген билдирүү тараткан.

“Азаттыктын” азербайжан кызматы Сиазан районунда эле 55 киши кармалганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG