Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Мамлекеттик ипотеканын ири суммасы 3 млн. сомдон ашпайт


Мамлекеттик ипотекалык каржылоонун эң жогорку суммасы 3 миллион сом болот. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Жээнбаева бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, сатып алына турган үйдүн көлөмү 70 чарчы метрден ашпоосу керек. Айыл жерлеринде салынган үйлөр бардык архитектуралык талаптарга жооп берүүгө тийиш. Ипотеканы төлөөнүн мөөнөтү 15 жылга чейин. Бирок мөөнөтүнөн мурда насыяны төгүүгө болот.

Ипотеканын алгачкы төлөмү 10дон 20% чейин болгондо жылдык ченеми 14% чыгат. Эгер төлөмдөр 20дан 30% чейин болсо жылдык ченем 13% түшөт. 30% жогорку төлөмдөрдүн жылдык ченеми 12%.

Ипотекалык насыяны бир киши же болбосо жамааттык түрдө алуу да мүмкүн.

Өкмөт башчы Темир Сариев бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн мамлекеттик ипотека берүү 15-январдан башталарын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG