Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Орусияда «Сорос» фондунун китептери өрттөлдү


Сорос фонду чыгарган китептерди өрттөө буйругуна министр милдетин аткаруучу кол койгон.
Сорос фонду чыгарган китептерди өрттөө буйругуна министр милдетин аткаруучу кол койгон.

Орусиянын Коми республикасында «Сорос» фонду тарабынан чыгарылган китептер өрттөлдү.

2015-жылдын декабрь айында Комидеги орто окуу жайдын китепканасы текшерилип, АКШлык филантроп Жорж Соростун кайрымдуулук фонду каржылап чыгарган 53 китеп жок кылынды. Бул тууралуу The Moscow Times басылмасы Билим берүү министрлигинен алынган маалыматка таянып жазды.

Узаган жылдын декабрь айында орус бийлиги «Соросту» өлкөдөгү «пайдасыз» бейөкмөт уюмдардын тизмесине киргизген. (BCh)

XS
SM
MD
LG