Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 22:56

Миграция кызматынын сайтына экстремисттер чабуул койгон


Мамлекеттик миграция кызматынын сайты - mz.gov.kg экстремисттердин чабуулунун улам эки ай иштебей турду. Мекеменин жетекчи орун басары Алмаз Асанбаев сайтты экстремисттер бузганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сайт ноябрь айында бузулуп, башкы бетке “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топту колдогон жазуулар чыгып калган. Программисттер муну хакердик чабуул экенин айткан.

- Учурда сайт оңдолду. Дүйшөмбүдөн тарта толук иштей баштайт,- деди Асанбаев. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG