Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Обама менен Путин Украинадагы абалды талкуулады


АКШ жана Орусия президенттери Барак Обама менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, Украина менен Сириядагы кырдаалды талкуулады. Ак үйдүн билдиришинче, эки президент анда Минск келишиминдеги милдеттемелердин орус тараптын аткаруу зарылдыгы, айрыкча Украина чыгышында бүлгүн салган жикчилерди колдоону токтотуу тууралуу сүйлөшкөн. Обама Путинге абалды жөнгөрүүдөгү кийинки маанилүү кадам - Донбасста жергиликтүү шайлоону өткөрүү тартиби боюнча келишүү экенин билдирген.

Киев менен Батыш өлкөлөрү Москваны Украина чыгышындагы жикчилерди курал-жарак жана башка жагынан колдойт деп айыптаса, Кремль аны четке кагып келет.

Орус бийликтеринин билдирүүсүнө караганда, Путин менен Обама Сауд Аравия менен Иранды ортодогу тирешти басаңдатууга чакырган. Мындан сырткары эки лидер Сирия кризисин жана Корей жарым аралындагы абалды да талкуулашкан.

XS
SM
MD
LG