Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Мандат чыры Жогорку Кеңеште каралбай калды


Жогорку Кеңеш бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргызстан” фракциясынын эки депутатын мандатынан ажыратып, ал эми “Республика Ата Журт” фракциясынан шайлоого аттанган Жыргалбек Саматовго үчүнчү жолу мандат берген маселени карамак. Бирок кворумдун жоктугунан аталган маселе талкууланбай калды.

Кечки саат алтыдан өткөндө Жогорку Кеңештин жыйындар залында 47 гана депутат отургандыктан, спикер Асылбек Жээнбеков мыйзам боюнча ишти улантууга болбостугун билдирди. Жогорку Кеңеште 120 депутат бар, жогорудагы маселени кароо үчүн кеминде алардын жарымы катышуусу зарыл болчу.

Мурдарак депутаттар мандат чырын күн тартибиндеги акыркы маселе кылып талкуулоого добуш берип, бүгүнкү жумушчу саатты да узартышкан.

Мандат маселеси боюнча маалымат берүү үчүн Жогорку Кеңешке БШКнын мүчөлөрү да чакыртылган.

XS
SM
MD
LG