Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Түрк премьери Диярбакырдагы чабуулду айыптады


Түркия -- Диярбакырдагы жардыруудан кийин, 14-январь, 2016.
Түркия -- Диярбакырдагы жардыруудан кийин, 14-январь, 2016.

Түркия премьер-министри Ахмет Давутоглу өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Диярбакыр шаарында беш адамдын өмүрүн алган бүгүнкү жардырууну айыптады: "Мен Диярбакырдын Чынар районунда полиция бөлүмүнө болгон чабуулду чечкиндүү түрдө айыптайм. Бул жардыруудан беш адам ажал тапты, арасында полиция кызматкери да бар. Мындан тышкары жаракат алган 39 адамдын алтоо полиция кызматкери", - деди өкмөт башчы.

Аталган райондогу полиция бөлүмүнө кире бериште бүгүн жардыргыч затка шыкалган машине жардырылган. Андан жанаша турган имарат катуу жабыркады.

Чабуул үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Түрк медиасынын жазышынча, бирок өлкө бийлиги муну Күрт жумушчу партиясынын согушкерлеринен көрүүдө. Акыркы айларда бул аймакта аталган партиянын жикчилери менен өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар болуп келген.

XS
SM
MD
LG