Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Тажикстанда баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда


Тажикстан -- Президент Эмомали Рахмон уулу Рустам менен.

Тажикстан -- Президент Эмомали Рахмон уулу Рустам менен.

Тажик парламентинин депутаттарынын бир тобу өлкө конституциясына өзгөртүү киргизүү демилгеси менен чыкты. Ал президенттикке талапкерлердин жашын азыр белгиленген 35 жаштан 30 жашка түшүрүү сунушун да камтыйт. Байкоочулар бул демилге президент Эмомали Рахмондун тун уулу Рустамды келерки шайлоого катыштыруу үчүн козголуп жатканын айтышууда. Анткени 2020-жылы өтчү президенттик шайлоо учурунда ал болгону 33 жашта болуп, азыркы баш мыйзам боюнча талапкерлигин кое албайт. 28 жаштагы Рустам Эмомали азыр мамлекеттик каржылык көзөмөл агенттигин жетектейт. Буга чейин мамлекеттик бажы кызматын да башкарган.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушунда азыркы президентке “улут көсөмү” катары эч бир чектөөсүз кийинки мөөнөткө президенттикке талапкер болууга мүмкүнчүлүк берүү да камтылган. Азыркы конституциянын талабына ылайык Эмомали Рахмон 2020-жылкы шайлоого катыша албайт.

Тажик мыйзамдары боюнча, конституцияга өзгөртүү киргизүүнү караган долбоор парламенттен өткөн соң, Конституциялык сотко корутунду чыгарууга жөнөтүлөт. Андан кийин жалпы элдик референдумга коюлат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG