Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Ооганстандын Гилменд провинциясында набыт болгондор көбөйдү


Ооганстан бийлигинин маалымдоосуна караганда, өткөн тогуз айдын ичинде эле Гилменд провинциясында 700дөн ашуун катардагы жаран өлтүрүлгөн же жарадар кылынган.

Март айынан бери 232 киши өлтүрүлүп, 502си жарадар болгону Ооганстандын адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиянын 14-январдагы маалыматында айтылды.

Гилменд провинциясынын губернаторунун өкүлү бул сандар өтө эле ашырылган деп эсептейт. Бирок эксперттер катардагы жарандардын өлүмү көбүнчө дурустап эсепке алынбаганын айтышат.

Талиптер Гилменд провинциясын көзөмөлгө алуу үчүн акыркы кезде чабуулдарын күчөттү. Провинциядагы 14 райондун үчөөсү көбү талиптердин колунда, бешөөсү үчүн күрөш жүрүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG