Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Тажикстанда тыюу салынган Ислам партиясынын лидеринин жардамчысынын ден-соолугу начарлаганын жакын туугандары билдирип, аны ооруканага которууну бийликтен өтүнүштү.

Өткөн жылы август айында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Ислам партиясынын абакка салынган жыйырма мүчөсүнүн ичинен Зарафо Рахмони жалгыз аял. Ал партия лидеринин юридикалык кеңешчиси болуп мыйзамдуу түрдө иштеген.

Зарафо Рахмонинин бир тууганы Гүлдаста Кожаева сентябрь айында камакка алынгандан бери Рахмонинин жүрөгү ооруп, тынымсыз дары-дармек керек болуп жатканын маалымдады. Алар бийлик органдарына кайрылып, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага которууну өтүнүшүүдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG