Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:14

14-январда жарыяланган Дүйнөлүк Антидопинг агенттигинин экинчи баяндамасында Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерациянын айрым жетекчилери Орусияда кызытманын кеңири колдонулушун жашырууга көмөктөшкөн деп белгиленди. Баяндамада федерациянын өкүлдөрүнүн орус спорт жетекчилери менен бул маселе боюнча кызматташканы, 2009-жылы Москва тыюу салынган кызытмаларды колдонгону ашкере болгондо, аны жашырууга көмөк көрсөтүлгөнү айтылган.

Өткөн жылы 9-ноябрда кызытмага каршы агенттиктин биринчи баяндамасында Орусияда спортчуларга кызытмаларды берүү мамлекеттик деңгээлде жолго коюлганы ачыкталып, бул орус спортчуларынын эл аралык мелдештерге катышуусун токтотууга алып келген.

Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерациянын жетекчиси Ламин Диак федерация жетекчилигинде коррупциянын жайылышына күнөөкөр деп баяндамада аталды. Анын үстүнөн тергөө иштери жүрүүдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG