Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:14

П. Порошенко: Украина быйыл чыгыш облустарын көзөмөлүнө алат


Украина президенти Петр Порошенко.

Украина президенти Петр Порошенко.

Бул тууралуу Украина президенти Петр Порошенко 14-январда билдирип, мамлекет жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарына 2016-жылы эгемендүүлүгүн калыбына келтирет деди:

- Басып алынган Донецк жана Луганск облустарындагы аймактарга Украинанын эгемендүүлүгү 2016-жылы орнотулат. Ал эми Крымды кайтаруу үчүн күрөш артыкчылык берилген багыт бойдон калат. Биз аралды деоккупациялоо үчүн эларалык механизмдерди колдонобуз. Ал механизм катары, менин терең ишенимимде, Женева-1 сүйлөшүүсүн өнөктөрүбүз АКШ, Европа биримдигинин жардамы менен жандандыруу болуп саналат. Ошондой эле Будапешт меморандумун колдонсок болот.

“Биздин коомчулук, армия, өкмөт мамлекеттин коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөттү. Бул душманыбыздын Украинага каршы баскынчылыкты улантууга даабай калышынан да көрүнүп турат”,-деди Порошенко.

Украина чыгышында 2014-жылдан бери келаткан жикчилдер менен кармаш 9100 адамдын өмүрүн алды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG