Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Американын аскер кемелери Иран аймагына навигациялык катадан улам кирип калган


АКШнын коргоо министри Эштон Картер жабдуулардын бузуктугу эмес, навигациядагы катачылык Кошмо Штаттардын эки аскердик кемесинин Персия булуңундагы Иран аймагына кирип кетишине алып келгенин 14-январда берген маегинде ырастады.

- Аскерлер 12-январда окуя болгон күнү бул жөнүндө кабарлашкан эмес. Алар эмне болгонун териштирип жатканда Иран катерлерине кабылышкандай... Ал учурда эмне болгонун азырынча биз толук билбейбиз, - деди Картер.

Окуя болгон учурда кемелердин Иран аймагына кирип кетүүсү механикалык себептерден улам болгонун ырастаган америкалык тарап Ирандын талабына көнүп расмий түрдө кечирим сураган эмес. Анткени жабдуулар бузулуп калганы үчүн экипажды айыптоого болбойт. Эми АКШнын коргоо министрлиги навигациялык катачылык кемелердин адашуусуна себеп болгонун билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG