Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Жалал-Абад шаарындагы жүргүнчүлөрдү тейлөөчү автобаза ишин токтотуп, бир жумадан бери автобустар каттамга чыкпай жатышат. Бул тууралуу аталган мекеменин кесиптик кошуундар уюмунун төрагасы Арапбай Нышанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, мекеменин карызы 3 млн сомдон ашып, айдоочулар менен кызматкерлер 2-3 айдан бери маяналарын алыша элек.

Нышанов белгилегендей, автобаза банкроттук абалга кептелип, кайра ишке кирүүсү белгисиз болуп турат. Буга чейин каржылык көмөк көрсөтүү боюнча калаа бийлиги менен шаардык кеңешке жолдогон кат азырынча жоопсуз.

Жалал-Абад шаарында 2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин чет элдик грант эсебинен Кытайдан 20 даана кичи автобус алынып келинип, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобаза уюшулган. Андан бери №8, 9 каттам боюнча 15 автобус иштеп келген. Жүргүнчүлөр негизинен пенсионерлер менен студенттер. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG