Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

Стамбулда өткөн жумадагы жанкечтинин жардыруусунан соң Түркиянын аскерий күчтөрү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Ирак жана Сириядагы турумдарына бир катар соккуларды урду. Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу соңку эки күндө Даиштин 500дөй объектиси танкадан жана замбиректен бутага алынганын билдирип, 200дөн ашуун жоочу мерт болгонун айтты.

Давутоглу согушкерлерди Түркиянын чек арасынан кетирүү үчүн зарылдык туулса, түрк күчтөрү абадан сокку урууга да даяр экенин кошумчалады.

Өткөн жылдын 24-ноябрында Түркия менен Сирия чек арасында Орусиянын учагы атып түшүрүлгөндөн бери түрк аскерий учактары Сириянын аба мейкиндигине кирбей калган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG